Бишкекте айдоочу студент кызды унаа сүзүп кетти

Каганат.

Бишкекте айдоочу студент кызды унаасы менен койдуруп кетти.  

 Кырсык бүгүн 19-май күнү саат 8:00 чамасында Жаш гвардия бульварында, Жибек Жолу проспектинен төмөнүрөөк жерде катталган. Маалыматтык технология институтунун студенти жолдо жөө адамдар үчүн коюлган белгиде өтүп бара жатканда, айдоочу аны байкабай калып, койдуруп алган.

Айдоочу тез жардам чакырып, кырсык катталган жерден башка жакка кеткен эмес. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Учурда милиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 − 7 =