Ислам тилектештик оюндары: Кыргызстандык Муслим Евлаев чемпион болду

0

Каганат.

Кыргызстандык Муслим Евлаев Ислам тилектештик оюндарында чемпион болду.

  Эркин күрөш боюнча балбан кечээ Бакудагы турнирде финалдык беттеш өткөрдү. Түркиялык Сонер Демиртас менен жолугушуу Евлаевдин алтын медалы менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек,  биздин балбан үчүн медаль акыркы жумадагы экинчиси.

Буга чейин кыргызстандык балбан Индиядагы Азия чемпионатында күмүш байгечи болгон.

 Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан IV Ислам тилектештиги оюндары уланууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 + он эки =