Табият кырсыгынан жабыркагандарга чогулган каражат 6 миллион сомдон ашты

Кагагат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, табият кырсыгынан жабыркагандарга чогулган каражат  6 миллион сомдон ашты.

Маалым болгондой, акыркы учурда өлкөдө катталган табият кырсыктарынан жабыркаган жарандарга жардам берүү үчүн акчалай каражаттарды топтоо уланууда.

Кечээ 19-майга  карата ӨКМдин эсебине  Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 3 млн  379 миң 146 сом, ал эми Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга 3 млн 353 миң 842 сом түшкөн.

Атайын эсеп табият кырсыктарынан жабыр тарткан элге материалдык жардам көрсөтүү максатында ачылган.

Жардам берүүнү каалаган физикалык жана юридикалык жактар үчүн учурда эсеп ачык экендигин ӨКМ билдирет.

Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандарга акчалай жардам которуу үчүн реквизиттер:

Эсеби: 4407012100009282

Ош РОК 701

Төлөм түрү 2100

ИНН 00103200110150

Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн реквизиттер:

Эсеби: 4407012100009383

Ош РОК 701

Төлөм түрү 2100

ИНН 00103200110150

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

19 − он беш =