Ислам тилектештик оюндары: Айсулуу Тыныбекова алтын тагынды

0

Каганат.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында алтын тагынды.

 Ал  кечээ, 21-майда 58 кг салмакка чейинкилер менен килем үстүнө чыгып, финалда Европа-2017 чемпионатынын коло байгесинин ээси болгон азербайжандык Алена Колесникти  жеңди.

Натыйжада чечүүчү мелдеш 5:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Айсулуу Тыныбекова биринчи айлампада Алена Колесник түркиялык Дерия Байханды 14:6 эсебинде жеңген. Ал эми, экинчи турда түркиялык спортчуну   10:0 эсебинде жеңип чыкты.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 + 7 =