Бекназаров: Кыргызстанды бүгүн Атамбаев шоопур-поопурлары менен башкарып жатат

Каганат

Авторитаризмден – үй бүлөлүк башкаруудан арылдыкпы бүгүн? Жок! Акаевдин үй-бүлөсү, Бакиевдин үй-бүлөсү…Бүгүн болсо Атамбаев Кыргызстанды шоопур-поопурлары менен башкарып жатат. Же жалганбы? Мына, ушуну жоюунун жолдору боюнча биз баарыбыз – “эскилер” да, жаңылар да биригип, абдан кеңешип, сүйлөштүк. Себеби, биздин мекенибиз бирөө, элибиз бирөө гана! Ошондуктан делегаттар менен биргеликте Элдик Курултай институтунун жаңы концепциясын Конституциянын 2-беренесине киргизели дедик.  Кандай статус менен? Кыргызстандын эли өзү шайлаган Президенти менен Жогорку Кеңешинен жыл сайын отчет алып, баа берип турушу керек.

Мындай пикирин бүгүн, 23-майда Бишкекте өткөн Туруктуу Элдик Кеңештин Улуттук курултайында саясатчы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × төрт =