Майда бирок, маанилүү кеңештер

0

Каганат.

  • Камыр ысык сууга жуурулса, катуу болуп калат.
  • Сүттү тырмакка тамызса, эгер ал жаңы болсо, тырмакка шарча болуп токтоп калат. Эгер эски болсо, токтобой агып кетет.
  • Жыгачтан жасалган буюмдарга акиташ салып койсо, кумурска кирбейт.
  • Бычакты туздуу сууга жарым саат салып коюп курчутса, жакшы курчуйт.
  • Тамактын майы көбүрөөк болуп калса казанга муз салып коюңуз. Майлар муздун жанына топтолуп калганда аны чыгарып таштаңыз.
  • Картошка жумшак болуп соолуп калуусун алдын алуу үчүн арасына алма кошуп коюңуз.
  • Кадимки эле чайдын чамасын кадимки гүл өстүргөн идишке салып койсо, андагы топурактын нымдуулугу көпкө сакталат. Ошондой эле, ал семирткич катары да жакшы натыйжа берет.
  • Салат сыяктуу жалбырактуу жашылчаларды көбүрөөк витамини сакталышы үчүн, бычак менен туурагандын ордуна колуңуз менен бөлүңүз.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 3 =