Акыркы коңгуроо майрамында бүтүрүүчүлөр жол эрежелерин көп бузушууда

Каганат.

Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришкендей  Бишкекте Акыркы коңгуроону майрамдоо жол эрежелерин бузуулары менен коштолууда.  

Маалым болгондой, бүгүн  25-майда Чыңгыз Айтматов проспектинде  Hammer үлгүсүндөгү унаа токтотулган. 5 адамга чакталган машинеге 10 бүтүрүүчү отуруп алган.

Айдоочуга айып салынды.  Мунун менен катар эле мектепти аяктап жаткандар тарабынан мындан башка дагы көптөгөн бузуулар катталып жатат.

  Айрымдары айдоо күбөлүгү жок эле ата-энесинин унаасын башкарып жүрсө, айрымдары коопсуздук курун тагынган эмес.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

10 + 4 =