Бурана суусуна аты менен кошо агып кеткен аял изделүүдө

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, Бурана суусуна аты менен кошо агып кеткен аял изделүүдө.  

Маалым болгондой, Чүй районундагы Ибраимов айыл аймагынын Султан айылындагы Туюк жер тилкесиндеги Бурана суусунан эки аял атчан өтүп баратып, бирөөсү аты менен кошо сууга агып кеткен.

Кырсык тууралуу маалымат келип түшөөрү менен ӨКМнын 21-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары издөө иштерин жүргүзгөн, бирок аялды табышкан эмес.

Учурда издөө иштери уланууда.


Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 + 1 =