Милиция электр энергиясына карыз, свет өчүрүлөт, светофорлор иштебей калат

Каганат.

Эртең, 26-майда “Түндүкэлектр” ишканасы Бишкек шаарындагы патрулдук-пост кызматынын электр энергиясын өчүрөт. Буга аталган кызматтын 715 миң сом карызы себеп болгон.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 4 айында патрулдук-пост кызматы 505 миң сомдук электр энергиясын колдонуп, бирок 62 миң сом гана төккөн.

“Эгерде бул кызматтын электр энергиясын өчүрсөк Фучик көчөсүндөгү светофорлор дагы өчөт”,-деп жазылган маалыматта.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − он бир =