Токтогулда 4 көпүрөнү суу алып кетти

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызмат ыбилдиргендей, Токтогулда 4 көпүрөнү суу алып кетти.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында  24-май күнү саат 05:00 чамасында Кен-Туу суусунда суунун көлөмү көтөрүлүп, Ак-Жар айылындагы ички чарбалык жолго курулган 4 көпүрөнү суу жеп кеткен.  

 Мындан улам ички чарбалык жол убактылуу жабылган.

Айыл аймак тарабынан ички чарбалык көпүрөлөрдү калыбына келтирүүдө 1 экскватор тартылып, учурда 2 көпүрө калыбына келтирилген.

Мындан тышкары, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагындагы Бирдик айылында 2017-жылдын 24-май түнү Көк-Ирим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, сугат арыктарынан ашып, 3 турак үйдүн короолоруна суу кирген.

Жээктерди бекемдөөгө айыл аймактан 1 жүктөгүч жана 15 адам тартылып, кооптуу аймакта сууну тосуу иштери аткарылган.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 5 =