Ахматбек Келдибеков президенттикке аттанат

0

Каганат.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибеков президенттикке аттанууга бел байлады. Бул тууралуу «24.kg» сайты «Ата-Журт» партиясына шилтеме кылуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Келдибековдун жердештери Алайдан аны колдошуп, президенттикке ат салышууда ийгиликтерди каалаган.

Ал эми Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков жетектеген оппозициялык кыймыл азырынча бул боюнча комментарий бере элек.

 «Ата-Журт» партиясы дагы съезд өткөрүп, талапкер көрсөтө элек.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт + жети =