Өзгөндө катуу шамал мектептин чатырын учурду

Каганат.

ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей, катуу шамал Өзгөндө мектептин чатырын учуруп кетти.

Маалым болгондой,  25-май күнү кечинде болгон шамал Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айыл аймагына караштуу Кызыл-Тоо айылындагы орто мектептин чатырын учуруп кетти.  

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, шамал 80 даана шиферди учуруп кеткен.

Азыркы учурда ӨКМнын райондук башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгымдарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 4 =