Азия чемпионатында ОшМУнун студенттери ыктыярчы котормочу катары жардам көрсөтүштү

Каганат

Ош шаарында А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо 20-21- май күндөрү аралаш уруш боюнча (ММА) Азия чемпионаты өттү.

Аталган мелдешке алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден келген конокторго жана спортчуларга ыктыярчы котормочу катары ОшМУнун 27 студенти (эл аралык мамилелер факультетинен 23 студент, медицина факультетинен 3 студент, кыргыз филологиясы факультетинен 1 студент) жардам көрсөтүштү. Алар Кытайдан, Кореядан, Ирандан, Афганистандан, Таджикистандан, Казакстандан, Өзбекстандан келген конокторду тосуп алуу, жайгаштыруу иштерине катышып, мелдеш учурунда ыктыярчы котормочу катары коштоп жүрүштү.

Белгилей кетсек, Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарында да Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин жана эл аралык мамилелер факультетинин 14 студенти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «112 бирдиктүү нөөмөттүк диспетчердик кызматына» англис, француз жана араб тилдеринде волонтер-котормочулар катары жардам көрсөтүшкөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 − 2 =