Алымкул Үсөнбаев – улуу демократ акын жана комузчу

0

Каганат.

Улуу демократ акын жана комузчу Токтогул Сатылгановдун шакирттеринин бири Алымкул Үсөнбаев 1896-жылы 28-майда Таластын Кара-Арча деген айлында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Алымкул он эки жашка келгенде атасы дүйнөдөн кайтат. Ал ырчылыкка он үч жаш курагында кирише баштаган.

Ал эми Алымкулдун ар тараптуу, көп жактуу, башкача айтканда, төкмөчүлүк, комузчулук, обончулук, айтуучулук шыгы тоо булбулу атыккан Токтогулга жолуккан күндөн тарта, Алымкул он төрт жаштагы кезинде жалбырттай жанат. Акын устаты Токтогулга алгачкы жолу кандайча жолугушуп, кандайча таанышканы жөнүндө мындай деген:

“ Мен бала кезимде жаңыдан айылда ырдап жүргөндө Токтогул деген акын бар. Аны көрбөсөң акын болбойсуң, – деди айылдагы Муса карыя. Муса аксакалдан Токтогулдун кабарын уккандан кийин Токтогулду бир көрсөм деп уктап атсам чоочуп ойгонуп жүргөн кезимде, Таласта Жанкороз дегендин ашы болду. Ашка Токтогул келиптир деген кабарды угуп, Токтогул түшкөн үйгө Муса аксакал мени ээрчитип барды. Муса мага атын карматып коюп үйгө кирип барып: – Токо, ассалом алейкум, аман-эсен жүрөсүңбү урушчаак бөдөнөдөй чукчуйган жарыктык. Таласка кээде келет экенсиң, кээде келбейт экенсиң. Сөзүңдү, өзүңдү сагынат экенбиз. Биздин айылдан Алымкул деген жаш бала ырчы болом деп жүрөт. Ошол баланы ээрчитип келдим. Ага ырыңдан, күүңдөн үйрөтүп кет Токо! Сизди сагынганда ошол балага ырдатып жүрөлү, деп учурашты Муса”.

Алымкул ошол алгачкы жолугушуудан тартып Токтогул менен ата-баладай ээрчишип бирге жүрүп, бирге жашап төкмөчүлүктүн түркүн сырларын билип, ырларын, күүлөрүн, дастандарын үйрөнөт.

Алымкул Токтогул тууралуу кыскача мындайча эскерген: «Мага көңүлүмдү эргиткен күүсүн үйрөткөн, балдай сөзүн сүйлөткөн биринчи акыйкатчым жана окутуучум – акын атам Токтогул болду».

Алымкул Үсөнбаев Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген.

-1938-жылы Алымкул Кыргызстан жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Отуздай китеби чыккан.

-Тандалган чыгармаларынын бир томдугу 1973-жылы жарык көргөн. Онго жакын китеби орус тилинде чыккан.

-1939-жылы ага Кыргыз ССРинин эл артисти наамы берилген.

А.Үсөнбаев башка акындарга караганда коомдук саясий иштерге да көбүрөөк аралашкан. Ал кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку чакырылышына депутат болуп шайланган.

Кыргыз адабияты менен искусствосуна сиңирген кызматы үчүн Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

Алымкул Үсөнбаевдин түрдүү тематикадагы ар кыл мазмундагы отуздан ашык ырлар жыйнагы жана көлөмдүү поэмалары жарык көрүп, көркүнө чыккан жер-суу, андагы сансыз байлык, тынчтык үчүн болгон күрөш жана өз элинин ой-санаасы, турмушу чагылдырылган. Ал гана эмес, оозеки адабияттын сонун үлгүлөрү «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш», «Олжобай менен Кишимжан», «Жолборс миңген киши» аттуу поэмаларды айтып калтырган.

Алымкул Үсөнбаевдин чыгармаларынын дээрлик үчтөн бири балдарга арналган. Анын ырлары, тамсилдери, поэмалары, адабий жомоктору балдар адабиятына кошкон баалуу салымы болуп эсептелет.

Акындын ырларынын белгилүү бөлүгү балдардын турмушун көркөм сыпаттайт. Бөбөктөрдүн шатыра-шатман жайдары маанайлары, бейкапар өсүп, тарбияланып жаткан куунак жашоосу жүрөктө уюп калардай деңгээлде ырдалат.

Улуу акын, комузчу 1963-жылы дүйнөдөн өткөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × төрт =