Эмил Токтошев: “Өмүрбек Текебаев өзү жазган конституциянын, өзү түптөгөн демократиянын курмандыгы болууда”

3

 

Каганат.

Эмил Токтакунович, коомчулукта саны жагынан бирдей болгону менен сапаты жагынан V чакырылыштын депутаттарына карганда VI чакырылыштын депутаттары алсыз болууда деген кептер айтылып жүрөт. Сиз кандай деп ойлойсуз?

-Ооба ушундай кеп бар.  Кээ бир учурларда чын эле алсыздыгыбызды көргөзүп жатабыз.V чакырылыштын депутаттары менен VI чакырылыштын депутаттарынын айырмасы, мурда көбүрөөк чыр- чатак менен алек болуп, эл өкүлдөрү микрофон талашып урушуп жатышчу. 

Элдин эсинде ушул калат экен да. Биз деле күндө микрофон талашып, жеке көз караш менен урушуп, мушташып  саясат кыла берсек мүмкүн элдин эсинде калат чыгарбыз. Бирок, биздин негизги максатыбыз, мыйзам жазып анын өкмөт тарабынан ишке ашышын көзөмөлдөп, эл менен тыгыз иштөө.

Экономикабыздын алсыздыгынан көптөгөн биз кабыл алган жакшы мыйзамдар каражаттын жетишсиздигинен өкмөт тарабынан аткарылбай калып жатат. Кандай иштесек да “Эл тараза, эл сынчы” дегендей кийин, эл өзү баа берет деп ойлойм.

-“Ата Мекен” партиясы шайлоочуларына берген убадаларын канчалык деңгээлде аткарууда?

-«Ата Мекен» партиясынын тарыхы 25 жылдан ашык. Бул өлкөбүздөгү алгачкы түзүлгөн партиялардын бири. «Ата Мекендин» ушул деңгээлге жетишине лидерибиз Өмүрбек Текебаевдин салымы өтө чоң.

Бул инсан бир гана партиянын эмес, бүтүндөй Кыргызстандын, ал гана эмес өлкөбүздө акыйкаттыктын, мыйзамдуулуктун сакталып турушуна салым кошкон, мамлекетибизге демократиянын пайдубалын түптөгөндөрдүн бири. Өмүрбек Текебаев тууралуу тарых өз баасын качандыр бир берет деп ойлойм.

Ал эми “Ата Мекен” партиясы шайлоочуларына берген убадаларын ар дайым ишке ашырганга аракет кылып, аткарып келе жатат. Мисалы жаңы конуштардагы жашоочулардын үйлөрүнүн кызыл китебин берүү, аларды каттоо (прописка), деги эле каттоо системасын жоюу маселелери биздин партиянын программасында айтылып келген жана акырындап чечилип жатат. Мындан сырткары көптөгөн  социалдык маселелерди чечип келе жатабыз. Бул да болсо партиянын жетишкендиктери деп айтсам жаңылышпайм.

– Өмүрбек Текебаев тууралуу айтып калдыңыз, лидериңиздерге тагылып жаткан айыптар жөнүндө эмне айта аласыз. Кыргызда шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дешет го…

-Эл арасында Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамдын атасы деп аталып жүрөт, бирок, бүгүн бул киши өзү жазган конституциянын, өзү түптөгөн демократиянын курмандыгы болууда.

Биздин лидерибиздин айланасында болуп жаткан акыркы жагдайларды мен президенттик шайлоонун алдындагы саясий куугунтук деп ачык эле айтаар элем.  Эл билет Өмүрбек Чиркешович президенттик шайлоого бара турган эң күчтүү кандидат. Эгерде биздин лидерибиз, баарын көрмөксөн-билмексен болуп, элге чындыкты жеткизбей, унчукпай отура бергенде, мындай окуялар болмок эмес.

А бирок көрүп туруп чындыкты айтпай, унчукпай отуруу Өмүрбек Чиркешовичтин табиятына туура келмек эмес. Бул киши бүтүндөй өмүрүн мыйзамдуулукка арнаган. Өзү деле “камаса камашсын, мен чындыкты айткандан коркпойм” деп маалымат жыйынында айтпады беле. Ушундан деле жыйынтык чыгарсак болот, кандай тоскоолдуктарды жасашпасын Өмүрбек Чиркешович эч качан элден чындыкты жашырмак эмес.

Анан дагы бир нерсени баса белгилеп айтып койгум келет. Мен деле соттордун арасында көз карандысыз, акыйкатты тепсеп өтө албаган, баарынан мыйзамды бийик койгон судьялар бар экенинен үмүт үзгүм келбейт.

Мына убагында Ташиев, Жапаров, Мамытовдорду деле акыйкатты туу туткан судьялар бар экен, баарын жокко чыгарып актап коюшпады беле. Анын сыңарындай эртең Өмүрбек Текебаевге деле эрки күчтүү, мыйзамды сыйлаган судья туш келсе, акыйкаттын байрагын кантип эле көтөрбөй койсун.

-Эл өкүлү катары бүгүнкү күндө Кыргызстандын саясий абалына кандай баа бересиз?

-Азыр бизде саясий абал туруктуу деп айта албайм. Өлкөбүздө мыйзамдар сакталган жок. Буга биздин лидерибиздин кармалышын деле мисал кылсак болот. Учактан түшөрү менен коркунучтуу кылмышкердей колу-бутун байлап, үйүнө жеткизбей камап коюшту.

Ал киши өзүнүн чындыгын далилдей аларына көзү жеткени үчүн, өзүнүн ак экендигин билгендиктен башка өлкөдө калып калбай учуп келди. А тилекке каршы бийлик өзү мыйзамдарды сактабай жатат.

Баш мыйзамда мамлекет өлкөнүн жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү жана камсыз кылат деп айтылат. Анда Садыр Жапаров тууралуу болуп өткөн окуя Баш мыйзамдын кандай иштеп жатканынын далили десек болобу?

-Садыр Жапаровдун чындыгы ал качан абактан чыккандан кийин гана айтылат. Азырынча ак же көк деп айтуу кыйын. Сырдын түйүнү Жапаров азаттыкка чыккандан кийин гана чечилет деп ойлойм.

-Жакында Жогорку Кеңеште мародерство боюнча комиссия өз кортундусун чыгарды.  Комиссиянын “ишмердүүлүгү” көңүлүңүзгө толдубу?

-Мародерство кандай болгонун эл жакшы билет. Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын бул маселе боюнча иштегенине 6 ай болду. Ал эми мародерствонун болгонуна 7 жылдын жүзү болуп жатат. Ошондон бери, баланча айткан экен, түгүнчө деген экен өңдүү, жалаң гана имиштерден башка эч кандай далил жок.

Ушунча жылдан бери укук коргоо органдары чекит кое албаган нерсеге анан ушул комиссиядагы депутаттар чекит коймок беле? Ал эми комиссиянынын чыгарган кортундусунда бир гана партияны, анын мүчөлөрүн каралагандан башка эч нерсе жок.

Мейли, «бул үй Бакиевдики экен, бүгүн бул алып алыптыр» дешсе, же «мобу үйдү баланча, же тиги жерди түгүнчө ээлеп алыптыр» деп, кимдир бирөөнүн  аты-жөнүн так атап, далил менен айтса анда эл дагы биз дагы ишенет элек. Бирок азыр жалаң гана имиштер менен иш жүрүүдө. Мына комиссиянын ишмердүүлүгү!

Далилдердин эмес жалаң гана имиштердин жыйынтыгы менен жасалып жаткан иштер сизди кооптондурбайбы?

-Кооптондурат. Негизи эле акыркы кезде парламент деле ушак менен алек болуп калды. Бул боюнча президент деле туура айтты.

Президенттин айткан сөзүнө Анвар Артыковдун мародерство боюнча отчету жакшы далил боло алат.

Чындыгындай мына ушундай далилсиз такталбаган «имиштер» элдин да кыжырына тийип жатат.

-Убагында учак кырсыгы, кандуу жүк тууралуу «Ата Мекен» фракциясы элге чындыкты ачыктап беребиз деген пикирди карманышкандай сезилди эле. Акыркы убактарда бул иш унутта калгандай. Анан калса партиянын  юристтери жүк кимге таандык экенин айтып чыгышты эле…

-Бул юристердин пикири, жалпы фракциянын сөзү эмес. Бул пикирге кошулууга мен деле макулдугумду бербейм. Анткени, документ так болгондон кийин гана элге маалымат жыйын бериш керек деп ойлойм. Бул жүк кимдики боюнча азырынча так маалымат жок. Бул боюнча комиссия иштеп жатат. Ал эми юристтер өздөрүнүн гана ойлорун, мындайча айтканда өз версияларын айтышты.

Ал эми учак кырсыгы боюнча биздин фракциянын пикири башта кандай болсо ошондой, эч кандай өзгөргөн жок. Чындыгында элден түшкөн акчаны өкмөт жабыркагандарга туура бөлүп берип, кайра дагы жоготуулар болбош үчүн Дача СУ айылын коопсуз жайга көчүрүү керек.

Анан эң негизги талабыбыз учактагы адам өмүрүн алган жүк кимдики? Элге ачык, так маалыматты айтып коюшсун. Биз мына ушуларды гана талап кылуудабыз.

-Эсиңизде болсо керек, Өмүрбек Чиркешович Жогорку Кеңештин трибунасынан бизде контрабандалык жол менен жүктөр өтөт деп билдирген эле, туурабы?

-Ооба.

Анда эмне үчүн Жогорку Кеңештин билип туруп бул контрабандалык жолдор менен өтүп жаткан жүктөргө мыйзам негизинде бөгөт коюууга кудрети жетпей келет? Себеби эмнеде деп ойлойсуз?

-Бизде контрабанда боюнча атайын мыйзам бар. Бирок ал баарына эле иштей бербесин өзүбүз деле көрүп жатабыз. Мына далил менен айталы, күздө октябрь айында аэропорттон эки камаз жүк прицеби менен келе жатып кармалган. Тактап айтканда контрабандалык жол менен келген жүк. Мына ушул иш сотко чейин жетти, бирок жыйынтыгында күнөөлүүлөр жазасын албай бул иш жабылып калды. Бул жүк кайдан келгени, кимдер алып келип жатканы жөнүндө бир дагы так маалымат жок. Баары белгисиз. Болгону контрабандалык жол менен келген жүк дешет.

Негизи эле бул контрабандалык жолдор менен өтүп жаткан жүктөргө ким жооп берет? Ошол эле бажы кызматынын, Манас аэропорттунун жетекчилери  жана башка тийешелүү мекемелер жооп бериши керек. Чек арадан өтүп жатканда деле жүк кайда барары, кимге катталганы тууралуу маалымат болору баарыбызга белгилүү. Демек бул нерсенин артында күчтүү «колдоочулар» турат десек болот.

Ишкерлик, саясат. Бул экөө такыр бири-бирине коошпогон эки башка дүйнө десек болот. Саясатка аралашууңузга эмне себеп болду?

-Акыйкатсыздыкка, теңсиздике карап тура албаган тоолуктардын мүнөзү болсо керек. Мен дагы тоолукмун да. Анан ойлондум мамлекетибиз аксап ара жолдо турса экономикабыз өнүкпөй жатса, ишкерлик менен эле алек болуп жүрө бербей өзүмдүн тажырыйбамды, күч-кубатымды мамелекет, кыргыз эли үчүн жумшайын. Аз да болсо өз салымымды кошоюн деген максатта саясатка келдим.

 Биздин экономика уламдан-улам начарлап, тышкы карызыбыз көбөйгөндөн көбөйүп келе жатат. Билим деңгээлибиз өтө төмөндөп баратат. Мына ушул маселе мени көп ойлондурат. Анткени, сабатсыздык күч алган өлкөдө ар дайым башаламандык болот. 

Ошондуктан ушундай көйгөйлөрдү чечүүгө мен дагы өз салымымды кошойун деп ойлодум. Кудай берген эгемендүүлүгүбүз бар, эркиндигибиз бар, колубузда азаттыктын асабасы бар. Мына ушундай мүмкүгчүлүктөрүбүздү колдонуп, коңшу өлкөлөрдөн артта калбай  алга карай өсүшүбүз керек. Анткени, урпактарыбызга өнүккөн өлкөнүн пайдубалын түптөп беришибиз керек.

 –Бүгүнкү күндө өлкөнүн тышкы карызы 4млрд. доллардан ашты. Айрым экономисттер, биз бүгүн алып жаткан насыялар, эртең  мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Өлкөнүн тышкы карыз боюнча ойлор сиздин тынчыңызды ала элекби?

-Баардык эле мамлекеттердин тышкы карызы бар. Тактап кетейин азыркы тышкы карыздын өлчөмү  4млрд 160млн долларды түзүп калды. Кеп алганда эмес, кеп алган акчаны туура иштетүүдө. Биз карыз алып жатабыз бирок ал каражаты өндүрүшкө эмес, социалдык секторлорго жумшап жатабыз. Ошондуктан алган акчалар кумга сиңген суудай жок болуп кетип жатат. Биз ошол алган карыздарыбыздын аз бөлүгүн болсо да өндүрүшкө салсак, кайра кайтмак.

Ошондой эле биз алып жаткан насыялардын эң көп бөлүгү Кытайга таандык, мына ушул маселе  мени аябай кооптондурат. Анткени, баарыбызга белгилүү дүйнө жүзүндө көптөгөн согуштардын башаты жер талаштан чыгат. Эртең биз ал карыздарды төлөй албай калсак эмне болот?

Албетте, анда Кытай өз мыйзамдарынын негизинде иш алып барат. Бул жалпы эле элибиз, мамлекетибиз үчүн кооптуу. Ошондуктан өкмөт ала турган  акчанын бара турган «дарегин» айтып, бизге так маалымат берип турушу зарыл. Акырындап алган насыяларыбызды социалдык секторго эмес, өндүрүштү өнүктүрүүгө  багытташ керек.

Ушул жерде дагы бир айта кетчү маселе, азыр өкмөт эмне үчүн карызды коркпой алып жатат? Себеби алынып жаткан насыя көп жылдык мөөнөткө алынууда. Демек, бүгүнку алынган бул кредиттер эртеңки өкмөттүн баш оруусу болот. Бүгүн алынган карыздарды эртең келечек муун, биздин урпактар төлөйт.

Айрымдар саясатта түбөлүк достук болбойт, утурумдук кызыкчылыктар гана жашайт дешет. Кээ бирлер саясатты ыплас, булганыч дүйнө катары сыпатташат. Эмне үчүн?

-Мен бирөө үчүн эмес өзүм үчүн гана жооп бере алам. Саясатта таза, туура өз жолуңда жүрсөң да, же бирөөгө жагынып анын көлөкөсүндө жүрсөң да боло берет экен. Бирок менин максатым, эртең элдин алдына жүзүм жарык баруу.

Саясатта кандай жагдайлар болбосун мен калыстык менен акыйкаттыкты туу тутуп эл тарапта болом. Анткени, менин кайрылып барар жерим-бул эл. Ошондуктан элдин алдында жүзүм жарык болсо экен дейм.

– Ар кимдин  туулган  жери – Мисир дешет. Кичи мекениңиз тууралуу кеп учугун уласаңыз.

-Мен Ош шаарында төрөлсөм да, балалыгым  Кара-Кулжа районундагы атагы алыска кеткен Алай-Куу өрөөнүндө өткөн. Биз кичинекей кезибизде эле ата-энем ушул өрөөнгө көчүп келип орто мектепти да ушул жерден аяктап, анан шаарга окууга келгенмин.

Таята- таэнемдин колунда жайкы каникулдарда чоңоюп калгандыктан, ат жалында, көчмөн турмушту көрүп чоңойдум. Эсимде жаз келери менен жайлоого кочоор элек. Биз боз үй тигип, журт которуп, кыргыздын каада-салтын, үрп – адатын ыйык тутуп, эрте тиричиликтин одо-ылдыйына бышып, чыдамкайлык менен көздөгөнүн кое бербеген өжөрлүктү үйрөнүп чоңойдук десем жаңылышпайм. Бул эми ар бир тоолуктардын балдарына ээ мүнөз болсо керек. Эми ал мезгил менен бүгүнкү жашоону элестетүүгө мүмкүн эмес.

Турмушка кандайдыр бир ийгиликтерге жетишкен болсом албетте, буга ата-энемдин салымы чоң. Атамдын кесиби мугалим болгондуктан, биздин билимибизге көп көңүл бурар эле. Балким ошондуктанбы кичинебизден эле китеп менен болуп китепке жакын чоңойдук десем жаңылышпайм. Ата-энебиздин бизге түптөп берген пайдубалынын үзүрүн эми көрүп жатабыз.

-Кучтуу эркектин артында  акылдуу аял турат деген накыл кеп бар. Жубайыңыз тууралуу айта кетсеңиз.

-Кыргызда жакшы сөз бар го, вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы деген. Анын сыңарындай менин кеңешчим, күзгүм- бул менин жубайым. Биз эркектер анча-мынчага көңүл бура бербейбиз, ошондуктан жубайым качан болбосун мен үчүн тынчсызданып, кеп-кеңешин  кулагыма куюп турат.

Чынын айтсам мен кеч үйлөндүм. Буга турмуштун мага берген сыноолору себеп болду окшойт. Анткени, мектепти аяктарым менен борборго билим издеп келдим. Бирок, жогорку билимге ээ болгонубуз менин, биздин учур союздун ыдырашына туура келип, карапайым үй-бүлөнүн уулу болгондуктан мен дагы башка өлкөгө жумуш издеп мигрант болуп кеттим. Бөлөк өлкөдө иштеп тапкан каражатымды топтоп, өз жериме келип чакан ишкерлик менен алек боло баштадым.

Анан үйлөнүүгө кезек келип жетти. Жеңеңерди деле алыстан издеген эмесмин ал менин айылдашым, кичинебизден бир-бирибизди көрүп-билип жүргөн адамдарбыз.

Эгерде сизден ийгилигиниздин сыры эмнеде деп сурап калышса, эмне деп жооп берет элеңиз?

-Ийгиликтин сыры эмнеде деп сурагандарга, алгач адам иштерман анан жоопкерчиликтүү болушу керек деп айтаар элем. Демек ийгиликтин сыры -эмгек.  

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

3 билдирүү

Пикир

төрт × 4 =