Москвадагы катуу шамалдан каза тапкандар арасында кыргыз жарандары бар жогу текшерилүүдө

Каганат.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Орусиянын Москва шаарында 29-майда болгон катуу шамалдын кесепетинен каза тапкандар арасында кыргыз жарандарынын бар жогу текшерилип жатат.  

Маалым болгондой, кечээ болгон шамалда Москвада 11 киши каза таап, жабырагандардын саны 200 кишиден ашканы айтылууда.

Эске салсак, кечээ  29-май күнү түштөн кийин Орусиянын Москва шаарында ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жеткен катуу шамал жүрүп, бороонго айланган. Анын кесепетинен дарактар кулап, унааларды басып калган. Азыркы учурда шаарды тазалоо жана иликтөө иштери уланууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − 5 =