Путин менен Макрон алгачкы жолугушуусунда эмне тууралуу сүйлөшүштү?

0

Каганат.

29-майда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын ажосу Эммануэль Макрондун алгачкы жолугушуусу болду. Сүйлөшүүлөр 2 саат 45 мүнөткө созулуп, алгач жолугушуу тар чөйрөдө жардамчыларынын гана катышуусунда болду.

Эки тараптын кызматташуусу, Сириядагы, Украинадагы, Ливиядагы абалды жөнгө салуу жана Орусиянын ЕАЭБ менен болгон мамилеси негизги темалардын катарын түзгөн.

Макрон Орусиянын айрым ММКларын жамандады

Сүйлөшүүлөр бүткөн соң лидерлер биргелекшен маалымат ыйынын өткөрүшкөн. Журналисттерге маалымат берүүдө француз лидери Орусиянын Russia Today телеканалын жана “Спутник” маалымат агенттигин сындап, аларды “пропаганда жүргүзүүчү орган” деп атады.

Макрон президенттикке ат салышкан учурда аталган ММКлардын кабарчыларын эмне үчүн штабына киргизбей койгонун мындайча түшүндурдү: “Чет элдик журналисттер менен жакшы мамиледемин. Бирок ММКлар карандай калпты таратышса, булар журналист эмес, таасир тийгизүүчү органга айланышат. Russia Today жана “Спутник” өздөрүн пресса эмес, пропагандалоочу орган катары алып жүрүшөт. Ошондуктан бул ММКлардын өкүлдөрү менин шайлоодогу штабыма киргизилген жок, мен муну туура деп эсептейм”.

Макрон менен Путин Чеченстандагы гейлердин укуктарына байланышкан абалга көз салышмай болду

“Биз Чеченстандагы ЛГБТ тууралуу сүйлөштү. Мен Франция бул маселе боюнча Орусиядан эмнени күтөрүн даана жана так көрсоттүм. Биз бул абалга бирге көз салып туруу тууралуу сүйлөштүк”,-деди Макрон маалымат жыйынында.

Сирия жана химиялык курал тууралуу

Франциянын ажосу Орусия менен сүйлөшпөй туруп маанилүү маселелер боюнча иштөө болбостугун баса белгиледи. Ал Путин менен Сирия, анын ичинде ИГИЛ тууралуу сүйлөшкөнүн жашырган жок. Ошондой эле ал аталган өлкөдө тынчтык орношу үчүн саясий чечимдерди издөө зарылчылыгын айтты.

Француз президенти Сирия өлкөсүнүн кулашына жол бербөө керектигин кошумчалады.

Франция менен Орусиянын кызматташтыгы

“Биздин жарандык коом ичинде конструктивдүү диалог жана тыгыз байланыш болушун каалайбыз. Учурда Германия менен Орусия ортосунда мындай схема бар. Биз дагы ушул жол менен кетүүнү каалайбыз. Жаштар, экономикалык структуралар жана илимий топтор жакындашуусу үчүн франко-орусиялык форум өткөрсөк жакшы болмок”,-деди Макрон.

Ошондой эле Франция Орусия менен кызматташууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 + он жети =