Акыйкатчы балдар колониясынын абалы менен таанышты

Каганат.

Балдарды коргоо эл аралык күнүн утурлай бүгүн Акыйкатчы Кубат Оторбаев Вознесеновка айылында жайгашкан балдар колониясына барып келди.

Маалыматка ылайык, учурда ал жакта 47 жашы жете элек балдар бар, алардын 24ү убактылуу кармоочу жайда болсо, 23ү соттун чечими менен жазаларын өтөп жатышат.

Колониянын жетекчиси Кыялбек Бейшекеевдин айтымында, акыркы күндөрү өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын саны өсүүдө. Былтыр колонияда камалган балдардын саны 8-17 болсо, быйылкы жылдын 5 айында эле 24-26 баланы түзөт.

Ошондой эле Акыйкатчы аталган колониянын абалы менен таанышып чыкты. Аталган жайда 8 мугалим иштеген мектеп бар. Мекеменин ичи көк жыттанып, ным тартып турат. Чатырдан суу агып, полу сынып калган. Аны менен катар эле кыргыз тилиндеги китептер жетишсиз экени белгилүү болгон.

“Ошондой эле колонияда спорт залы жок экен. Балдар психологунун жоктугу дагы олуттуу маселелердин катарын толуктайт”,-деп жазылат билдирүүдө.

Кубат Оторбаев балдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң аларга белектерди таратты.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 × беш =