Алай районунда 610 үй авариялык абалда

Каганат.

2017-жылдын 3-майында Чоң-Алайда болгон күчү 7 баллга жеткен дер титирөөнүн натыйжасында 610 үй авариялык абалга туш болгон. Бул тууралуу маалымат жыйынында ӨКМнын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар боюнча комиссия Карамык, Кара-Тейит, Жекенди жана башка айылдардагы 10 миң турак-жайды 5 категория боюнча изилдеп чыгышкан.

Биринчи жана экинчи категорияга жарака кеткен үйлөр кирсе, үчүнчү категорияга капиталдык оңдоо зарыл болгон үйлөр кирет. Ал эми төртүнчү жана бешинчи категорияларга толугу менен ураган турак-жайлар тиешелүү.

“Жаратылыш кырсыгынын натыйжасынан 10 социалдык мекемелер дагы оңдоого муктаж болуп калган. Алардын арасында төрөт үйлөрү, мечиттер, почталар бар”,-деп билдиришти ӨКМдан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 3 =