Башкы прокуратура “Азаттыкка” жазган арызын кайтарып алды

0

Каганат.

Башкы прокуратура “Азаттык медиа” мекемесине карата доо талаптарын артка кайтарып алуу маселесин кароону сотко сунуштады. Себеби буга чейин Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы сөз эркиндигинин негизги принциптерине берилгендигин жана жоопкер журналистикага сый-урматын баса белгилеп, Башкы прокурорго «Азаттык медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алууну сунуштаган болчу.

Октябрь райондук соту Абдуллаев бул сунушту канааттандырып, “Азаттыкка” жазылган арыз артка алынды.

Ал эми Zanoza.kg сайтына, журналист Нарын Айыпка, Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакуновага жана Канатбек Азизге карата арыз күчүндө калды. Буга аталган жарандардын 16-январда “Манас” аэропортунун жанындагы кыйраган учактагы жүк президент Алмазбек Атамбаевге жана анын аялына таандык экенин билдиришкени себеп болгон.

Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркы 16 миллион сомго бааланып, ММКдан жана журналисттен 3 миллион сомдон, ал эми эки жактоочудан 5 миллион сомдон өңдүрүү талап кылынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 7 =