Өспүрүмдөр дарыдан көз каранды боло башташтыбы?

0

Каганат.

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында “дарыкана баңгилери” пайда боло баштады. Бул тууралуу маалымат жыйынында белгилүү болду.

Врач-нарколог Мелис Исаковдун айтымында, канча өспүрүм мындан көз каранды экенин айтуу кыйын. Бирок учурда каттоодо 20 өспүрүм турат.

“Бул аз бөлүгү гана, чындыгында дарыдан көз каранды болгондор канча экени белгисиз. Эң коркунучтуусу психоактивдүү заттары бар дарылар, мисалы жөтөл дарылары же ошол эле корвалол бардык дарыканаларда жеткиликтүү. Ал эми интернеттен маңзаттын жасоо жолун көрүп алса болот” ,-деди  Мелис Исаков.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Бермет Барыктабасова өспүрүмдөрдүн мындай дарылары сатып алуусуна тыюу салуу керектигин белгиледи. Мындай дарыларды рецепт менен гана сатуу сунушталды.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 5 =