Тайырбек Сарпашев шайлоону жайлоо боюнча көзгө басаар адиспи?

Каганат

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Максат Сабиров кыйыр маанисинде кыйытып Өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө жана спикерге суроо салып өттү.

Кудай буюрса шайлоо таза өтөт деп жатабыз. Бирок, шайлоо системасында Мамкаттоо кызматы абдан чоң роль ойноп келүүдө. Анан минтип таза шайлоо өткөрөлү деп жатсак Тайырбек Сарпашевди анын ордуна жакшы кадрлар жок калгандай эле…Өзү болсо парламентке келип-келбей, орун басарларын жөнөтүп коюп… Деги бул нерсеге түшүнсө болобу? Бу кандай? Сарпашев боюнча прокуратуранын чечими чыгыптыр, комиссиянын чечимдери чыгып жатат. Ошон үчүн таза шайлоого карата баарын тазартып, оңдоп-түзөп бербейсиңерби. Эмне, Тайырдан бөлөк татыктуу киши табылбайбы? Же ак болсо ак экен деп баарын ордуна коюп койсоңор болбойбу? Эгерде прокуратуранын чечимдери болсо, анда эмнеге аны иштен ала албай кыйналып жатасыңар?..

Сабировдун мындай суроолоруна азырынча эч кимиси татыктуу жооп кайтара элек. Демек, Сарпашевдин мышыгын азырынча эч ким пыш дей албаганынын бир гана себеби, анын күздө өтүүчү президенттик шайлоодо кимгедир абдан керек болуп жаткандай. Ошондуктан да “Сууга салса чөкпөгөн, өрткө салса күйбөгөн” буга чейинки шайлоолорду бирөөлөр каалагандай “жайлап” келгени тууралуу кептер бекеринен эл ичинде айтылып жүрбөсө керек.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

алты − 3 =

Редактордун тандоосу