“Таза коом” КСДПнын шайлоо алдындагы программасыбы?

0

Каганат.

“Таза коом” деген эмне?

Бийлик “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып бүтө албай жатып эле аны “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке ашырабыз деп баштады. Мурун-кийин бул “Таза коом” долбоору тууралуу укпагандар бул эмне болгон долбоор экенине кызыгы артып, ал кантип жана кандайча ишке ашырыларына ынтызар болуп турган чагы.

Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын негизги жана маанилүү долбоорлорунун бири “Таза Коом” долбоору экенин аткаминерлер айтып бүтө алышпай келүүдө.

Сапар Исаков 6-апрель күнү эл аралык каржы уюмдардын өкүлдөрү менен жолукканда “Таза коом” жалпы улуттук долбоорунун бет ачарын тартуулады.

“Таза коом” долбоорун даярдоону президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков жетектеп, 20 кишиден турган атайын эксперттик топ менен иш алып барууда. “Таза коом” боюнча алдын ала программа 15-июнга чейин даярдалып, өлкө башчынын кароосуна киргизилери күтүлүүдө.

Бирок азырынча бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү үйдөн чыкпастан интернет аркылуу көрсөтүлөрү жана “акылдуу шаар” курулат дегенден башка көңүл жылытарлык деле сөз угуп, аткарылчу пландар менен деле эч ким тааныш эмес. Көпчүлүк көнүп калгандай эле сөз болуп кала берерин жана буга чейинки өнүктүрүү стратегиялары деле көз жаздымда калып, “бармак басты, көз кысты” болуп эле эч ким эч кимдин алдында отчёт бербеси тууралуу айтылууда.

“Таза коом” үчүн 50 млн доллар

Жакында эле Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук менен жолугушту. Анын жүрүшүндө өкмөт башчы мурда бекитилген 20 млн доллардан сырткары дагы 30 млн доллар каражат берүү өтүнүчүн айтты.

Ал эми Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков  болсо долбоордун көп бөлүгү көп каражатты талап кылбай турганын белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн саясий эрк керек экендигин билдирген. Ошондой эле ал долбоорду ишке ашырууда Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, АКШ, Орусия, Япония каржылык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

“Биз трасттык фонд түзөбүз. Ага каражаттын баары келип түшөт. Биз аны толугу менен инфраструктурага, долбоорлорду түзгөнгө жумшайбыз. “Таза коомго” тиешелүү акчанын баары траст фондго топтолот. Андан тышкары мамлекет дагы бюджеттен сөзсүз жыл сайын каражатты бөлүп турушу керек. Бир гана донорлорго эмес, өзүбүздүн күчүбүзгө дагы ишенишибиз керек. Жылына канча каражат бөлүү керектиги жарым жылдан кийин белгилүү болуп калат”,-деди ал.

 Долбоор мөмөсүн качан берет?

20дан ашуун киши күн-түн дебей дүмүрөңдөп долбоордун үстүнөн иштеп жатыптыр, өкмөт башчыбыз болсо кайырчылап жүрүп 50 млн доллар тапмай болду, эми бул долбоор качан мөмөсүн берет?

Бийликтегилер долбоор этап-этабы менен ишке ашырыларын билдирип келишет. Сапар Исаков жакында эле натыйжаны эл 2018-жылдын башында сезерин билдирди.

Каап, долбоордун жемишинин даамын президенттик шайлоого чейин сезсек болбойт беле деп саныбызды чаап кала бердик. Себеби айтылган убадалар аткарылбай кала турган болсо бийлик алмашкандан кийин сурап алар кишиң жок эле элеңдеп каларыбыз бышык да.

Долбоор тууралуу үстүртөн айтылып, так маалыматтар жокко эсе

“Таза коом” сайтына кирип оозубуз Ошту карап калды. Себеби баардык жакка инновациялык технология киргизилип, адамдар үйдөн чыкпай чалкалап диванда отуруп эле мамлекеттик кызматтарды көрө алышат деген “Таза коомчулардын” сайтында көңүл жылытарлык көз сүйүнгүдөй деле маалыматы жок болуп чыкты.

Сайтта болгону кайсы конференция качан болору, кимдер катышары тууралуу гана учкай маалыматтар берилген. Интернетти ар бир аймакка жеткирип, акылдуу шаар түзүүгө даяр болгон бийлик алгач сайтын жакшылап иштеп чыкса болмок экен деген ой туулбай койбойт.

Же эмне бул бийлик эптеп 50 млн долларды алып куйругун түйгөнү жатабы, айтор азырынча арсар.

Баары бүтүп “Таза коом” калдыбы?

Бул белгисиздикке белинен баткан алгачкы долбоор эмес. Канча жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албай келе жаткан өкмөт эми “Таза коом” менен элди жыргатып жиберерине күмөнүбүз бар. Мурун ишке ашырылбай калган долбоорун эми “Таза коомго” чапташып, элдин башын ого бетер айлантып коюшкан чагы.

Бул боюнча депутаттар дагы өз пикирлерин билдирип келишет. “Коопсуз шаар” долбоору Душанбеде 7 айда ишке киргизилгенин, Кыргызстанда болсо 7 жылдан бери ишке ашпай келгенин айткан депутат Аида Салянова биринчи долбоорду экинчисине кошуу канчалык деңгээлде туура деген суроо салган эле.

“Ал долбоорго кошуу туурабы жокпу анализ кылып чыккыла. “Таза коомго” кошсок дагы канчага созулат? Мурда соттор болуп жатат десеңиз эми “Таза коомду” күтүп отура бересиңерби?”-деп өкмөт башчыга кайрылган Салянова.

Ал эми КСДПчы депутат Элвира Сурабалдиева болсо интернеттеги баракчасына “Таза коом” супер долбоор экенин, бирок ага каршы чыккандар да болорун жазып чыккан.

Элвира айымга бул карашы туруу эмес экенин, болгону бул долбоор эмнеге керек экенин жана ал башка долбоорлордон эмнеси менен айырмаланарын түшүнбөй калуу экенин айткыбыз келди. Ошондой эле “бул долбоорду иштеп чыгуу эмнеге дал ушул убакка белгиленген же президенттик шайлоого болгон камылгабы? Деген суроо узаткыбыз келди.

Коомчулук кандай пикирде?

Интернет колдонуучулары “Таза коом” КСДП партиясынын шайлоо алдындагы программасы деген имиштерди айтып чыгышты. Партия дал ушул долбоор алдында үгүт иштерин жүргүзүү пландалып жатканы да айтылууда.

Ошондой эле бул долбоорду биздин киши гана ишке ашыра алат деген шылтоо да болушу мүмкүн экенин айтат коомчулук.

Аткаминерлер бул долбоор биздин келечегибиз деп канча какшабасын, эл болсо ар бир айылдан интернетти эмес, тазалыкты, тартиптүүлүктү жана коопсуздукту көргүсү келгенин билдирип келет.

Бир сөз менен айтканда бул долбоор кимге жана кандай пайда алып келери азырынча белгисиз, бирок карапайым калкка жаңы технологияны коюп, күнүмдүк турмуштагы маселелердин чечилиши зарыл эмес беле?

Булак: Каганат

 

Бөлүшүү:

Пикир

15 − тогуз =