Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрга дайындоо боюнча мыйзамды жактырды

0

Каганат

Бүгүн, 31-майда  Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрга дайындоо боюнча мыйзамды 3-окууда жактырды.

Ага жалпы 115 депутат каттоодон өтүп, 106сы “макул”,  ал эми 9 депутат   “каршы” добуш берди.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Дастан Бекешев (КСДП), Айнуру Алтыбаева (КСДП), Мирлан Жээнчороев (“Республика – Ата Журт”), Үмбөталы Кыдыралиев (“Республика – Ата Журт”), Дастан Жумабеков (“Кыргызстан”), Таалайгүл Исакунова (“Өнүгүү-Прогресс”), Мирлан Бакиров (“Өнүгүү-Прогресс”), Алтынбек Жунус уулу (“Өнүгүү-Прогресс”), Алмасбек Акматов (“Бир бол”) жана Алмамбет Шыкмаматов (“Ата Мекен”).

Демилгечилердин маалыматына караганда, турмуш көрсөткөндөй, шайлоо мыйзамдары андан ары өркүндөтүүгө, анын ичинде шайлоо өтүүчү күндөр кайрадан тактоого муктаж. Мисалы, президенттике талапкерлердин күрөөсү 2 млн сомго чейин көтөрүү чарасы сунушталууда.

Андан тышкары, бир катар депутаттардын сунушу менен парламенттик шайлоо босогосун азыркы 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатылууда. Мындай жобо 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө киргизилүүгө тийиш.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − он төрт =