Канат Исаев дагы бир кылмыш иши боюнча айыпталууда

0

Каганат.

Депутат Канат Исаевге карата “коррупция” беренеси менен дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2010-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кийин кылмыш иши Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен. Май айында УКМК жана Башкы прокуратура кылмыш иши кайра жандандырган.

УКМКнын маалыматы боюнча Канат Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турган учурда башка жооптуу кызматкерлер менен биргеликте сүйлөшүп алып, мамлекеттик китепкананын имаратын жана анын 500 чарчы метр жер тилкесин 572 миң 116 сомго сатып жиберген.

“Соттук экспертиза имараттын баасы 2010-жылы 1 миллион сомдон ашык болуп турганын билдирген. Натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген”,-деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Башкы прокуратура “Канат Исаев 2008-2010-жылдарыТокмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптап кылмыш иши козголгон. Кийин Канат Исаев референдум өткөрүүгө каршы чыгып, кылмыш иши кайрадан жанданган болчу.

11-майда ага өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он бир + жыйырма =