Милициялар Жапаровдун тарапташтарына доолору жок экенин билдиришти

0

Каганат.

Бүгүн, 1-июнда Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту болду.

Анын жүрүшүндө жабыркаган милиция кызматкерлери айыпталуучуларга доолору жок экенин айтышты. Жабыркады делинген 3 милиция кызматкери тең бир ооздон эч кимге доолору жок экенин жана алардын погондорун ким жулуп, ким аларга желим бөтөлкө ыргытканын билбей турушканын билдиришти.  

Соттук отурум 8-июнга белгиленди.

Эске сала кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Кыргызстанга келип УКМК тарабынан кармалган. Аны колдоп УКМКнын алдындагы митингде чыккандардын ичинен 105 адам кармалган.

Алардын ичинен 64ү 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга камалып, мөөнөтү бүткөндө бошотулган.  Кармалгандардын 12сине “бейбаштык”, “милиция кызматкерине кол көтөрүү”, “бирөөнүн мүлкүн сындыруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Камакка алынгандардын арасында Садыр Жапаровдун иниси, агасы жана баласы бар.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети − 14 =