Жапаровдун тарапташтарынын соту уланууда

0

Каганат.

Бүгүн, 1-июнда Биринчи Май райондук сотунда экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын соту уланууда.

Соттук отурумга айыпталуучулардын туугандары алар менен учураша баштаганда күзөтчүлөр учурашууга тыюу салышты. Ал эми айрымдардын балдары аталарын көрүп ыйлап, аталары менен учурашкан соң сот залынан чыгарылды.

Эске сала кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Кыргызстанга келип УКМК тарабынан кармалган. Аны колдоп УКМКнын алдындагы митингде чыккандардын ичинен 105 адам кармалган.

Алардын ичинен 64ү 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга камалып, мөөнөтү бүткөндө бошотулган.  Кармалгандардын 12сине “бейбаштык”, “милиция кызматкерине кол көтөрүү”, “бирөөнүн мүлкүн сындыруу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Камакка алынгандардын арасында Садыр Жапаровдун иниси, агасы жана баласы бар.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 × беш =