Акын Анатай Өмүрканов 72 жашка чыкты

0

Каганат.

Акын Анатай Өмүрканов Манас районундагы Чеш-Төбө айылында 1945-жылы 2-июнда туулган. Ал 1961-жылы Арал орто мектебин,1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Тажик ССРинин Мургаб районундагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

“Кыргыз Туусу” гезитине берген маегинде чыгармачыл чөйрөгө кантип аралашканын төмөнкүдөй баяндаган:

“Мектептен бери ыр жазып жүрчүмүн. Лирика ырларын.  Ошолорумду конвертке салып Байдылда Сарногоевге жөнөттүм. Ал киши ошол кезде Жазуучулар союзунда адабий кеңешчи болуп иштеп турган. Бирок конвертим  жата берип саргайып бүтүптүр,   аны Омор Султанов ачып окугандан кийин 16 ырымды “Ала-Тоо” журналына бастыртып, а өзүмдү борборго  чакырышты. Ошентип заматта белгилүү  болуп калдым. Анан 8 жыл “Советтик Кыргызстан” гезитинде, анан кийин 32 жыл “Кыргызстан” басмаканасында эмгектендим. Квартира беришти”.

1971-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин редакциясында кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылдан «Кыргызстан» басмасынын көркөм адабияттар бөлүмүнүн башчысы, 1988–2000-жж. «Адабият» басмасында башкы редактор, 2000–2006-жж. Кыргызстан басмасында бөлүм башчы, башкы редактор, 2006–2007-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеген.

Ошол кездеги бийлик ээси – президент Курманбек Бакиевди сындап койгону үчүн аны бул кызматынан четтетишкен.

2012-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аны Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу Кеңешине мүчө кылып шайлаган.

Акын Анатай Өмүркановдун туңгуч ырлар жыйнагы 1973-жылы «Мөлтүр сезим» деген ат менен Бишкекте жарык көргөн.

Акындын ырлары ошондой эле орус тилинде басылып чыккан.

Жыйырмага жакын поэтикалык жыйнактын автору, көптөгөн поэтикалык котормолордун авторлошу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он үч − үч =