Атасынын баласы: ата жолун жолдогон саясатчылар кимдер?

Каганат.

«Соодагер кадыры менен бөз өтөт, ата кадыры менен кыз өтөт” дейт. Ырас бүгүн ата жолун жолдоп, кандайдыр бир деңгээлде ата-энесинин кадыры менен саясатка аралашып, саясатты чемичкедей чакпаса дагы маанилүү кызматтарды ээлеп келгендер жок эмес. Бүгүн ата жолун жолдогон уул-кыздар тууралуу жазууну туура көрдүк.

Сөздү жакында эле дуу болгон Бишкек шаардык кеңештин жаш депутаты Темирлан Токобековдон баштасак. Бул  жаш депутат “Жол эрежелери” темасына арналган иш-чарага айнектери караңгылатылган “Мерседес” менен келип, окуучуларга “үлгү” болуп, аларга жол эрежеси тууралуу айтып бермекчи болгон. Бул кылыгы үчүн ал 2000 сом айыппул төлөгөн. 1994-жылы туулган Темирлан Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу.

Ал эми буга чейин ар кандай мамлекеттик кызматтарда иштеп, учурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон Исхак Масалиев Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты Абсамата Масалиевдин уулу.

Дагы бир депутат, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев дагы саясатчынын үй-бүлөсүндө чоңойгон. Анын атасы КМШнын эмгек сиңирген энергетиги Эргеш Төрөбаев Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, “Ошэлектр” ишканасынын директору болуп эмгектенген.

Ал эми Кыргызстандын президенттик администрациясынын мурунку башчысы Медет Садыркуловдун кызы Айжан Эсеп палатасында иштерин көпчүлүк биле бербесе керек. Ал 2001-жылы ЖОЖду аяктап, жеке компаниялардын биринде юрист болуп эмгектенген, андан соң көп жылдар бою КРнын Улуттук банкында иштеп, аталган банктын башкармалыгынын мүчөлүгүнө чейин жеткен.

Ал эми Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов болсо буга чейин президенттик аппаратта жакшы кызматтарды аркалап келген. Анын атасы Асамидин Марипов дагы бир кездерде Жогорку Кеңештин депутаты болгон.  

Атасынын жолун депутат Элвира Сурабалдиева дагы улантып келет. 2005-жылы атылган октон көз жумган Жыргалбек Сурабалдиев Жогору Кеңештин депутаты гана эмес, белгилүү бизнесмен дагы болгон.

Саналуу күндөр мурун эле көз жарып, эне статусуна ээ болгон депутат Айсулуу Мамашова жаш экенине карабай атасынын учугун улап келет. Ал Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Туризм мамлекеттик агенттигинин мурунку жетекчиси Турусбек Мамашовдун кызы.  

Ал эми бир кездерде депутат болгон, учурда белгилүү оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун атасы Бабырбек Жээнбеков болсо учурунда КРнын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт − 7 =