Чоң-Алай районунда кайрадан очогунда 5 баллга жеткен жер силкинди

Каганат

Сейсмология Институтунун берген маалымат боюнча, кечээ 1-июнда, түнкү саат 21:10дө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында орун алган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жар-Башы, Кулчу, Чак, Кара-Шыбак айылдарында 4,5 балл, Шибээ айылында 4 балл, Карамык, Кара-Тейит, Ачык-Суу айылдарында 3,5 балл сезилген.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он эки − сегиз =