Дача-СУлуктарга ким канча каражат которгон? (тизме)

Каганат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Дача-СУда учак кырсыгынан жабыркагандарга ачылган атайын эсепке ким канча каражат которгону тууралуу маалыматты жарыялады.

ӨКМ бардык мамлекеттик органдарга, фонддорго, жеке ишкерлерге, жалпы жарандарга жана колдоо көрсөткөн волонтерлорго ыраазычылыгын билдирген. Жалпы 102 млн сомдон ашуун каражат чогулган.  

ӨКМнын атайын эсебине каражат которгон мамлекеттик органдардын, фонддордун кыскача тизмеси:

1.Президенттик аппарат- 967 159 сом;

2.ЖКнын аппараты – 1 млн 153 205 сом;

3. Өкмөттүн аппараты- 286 564 сом;

4. Мамлекеттик органдардын, мекемелердин, фонддордун, министрликтердин бир күндүк маянасы – 34 млн 743 миң сом;

5.Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 1 млн 077 346 сом;

6. Мамлекеттик ишканалар – 1 млн 964 262 сом;

7. ЖЧК, ААКлар – 14 млн 924 262 сом;

8. Шаар мэриялары жана муниципалдык кызматтары- 3 млн 966 934 сом;

9. КРдагы консулдуктар- 1 млн 491 831 сом;

10.Физикалык жактар 1 млн 325 825 сом;

11. Диаспоралар – 157 100 сом.

Ал эми толук тизме менен ӨКМнын сайтында жарыяланган документтен тааныша аласыздар.

Булак: Каганат

               

Бөлүшүү:

Пикир

4 × үч =