Бишкек – Нарын – Торугарт жолу убактылуу чектелет

  Каганат.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей Бишкек – Нарын – Торугарт жолу убактылуу чектелет.

 Маалым болгондой,  бүгүнтөн тартып трассанын 122-чакырымында таштарды күчкө салып түшүрүү жумуштары аткарылат.

Андан улам эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин унаалар кыймылы жабылып турат.

30-40 даана машине топтолгондо жол ачылат. Чектөөлөр 9-июнга чейин күчүндө.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 + 17 =