Текебаевдин соту каралууда сот имараты курчоого алынды

0

Каганат.

Бүгүн, 5-июнда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин иши Биринчи май райондук сотунда каралууда. Буга байланыштуу имарат милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды.

Кире беришине атайын тосмолор орнотулуп, милиция кызматкерлери кайтарууга алууда. Имараттын ичине дагы атайын тизме менен киришүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 5-июнда Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралат. Алар “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 − 2 =