Садыр Жапаровдун соту 12-июнга жылдырылды

Каганат.

Бүгүн, 6-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурунку депутат Садыр Жапаров боюнча башталган соттук отурумда аталган кылмыш иши боюнча баштан аяк катышып жаткан жактоочулардын бири Акин Токталиевдин бир чети сотко чакырылбай, бир чети ооруп жаткандыгына байланыштуу жактоочулардын өтүнүчү жана айыптоочулардын макулдугу менен 12-июнга жылдырылды.

Садыр Жапаров ушул жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга жеткирилген. Эртеси, 26-мартта ага карата “адам өмүрүнө коркунуч келтирүү”, “барымтага алуу”, “ээнбаштык”, “бийлик өкүлүнө күч колдонуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, ошол эле Биринчи Май райсоту тергөө бүткүчө Жапаровду тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − он бир =