Эскерүү: Гүлзат Батырканованын элеси эсибизде…

    Каганат.

 Мындан эки жыл мурун атактуу ырчы  “Сармерден” долбоорунда “Шайыр жеңенин” кызматын аткарып көпчүлүктүн көөдөнүнөн түнөк тапкан   Гүлзат Батырканова жол кырсыгынан көз жумган. Бул каргашалуу окуя, болбогондо Гүлзат Батырканова бүгүн, 7-июнда 44 жашка толмок. 

  Гүлзат Батырканова атактуу ырчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипованын кызы.   Батырканова 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунда жарыкка келген. Ал 1990-жылы орто мектепти бүткөндөн кийин Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияга келип кирип, аны 1992-жылы жылы аяктаган. Кийин жогорку билимге ээ болуп, КУУнун журналистика факультетин бүтүргөн. Элге “Карай берем”, “Өмүр жазым”, “Жүрөлүчү эскерип”, “Айта көрбө”,”Жубайыма” деген ырларды аткарып таанымал болгон. 

Эл сүймөнчүлүгүнө арзыган Гүлзат өмүрүнүн акыркы жылдары КТРК каналындагы ийгиликтүү долбоорлордун бири “Сармерден” музыкалык программасынын алып баруучусу болуп келген. “Шайыр жеңенин” ролу анын күйөрмандарын дагы арбытып, элге дагы жакындаткан эле.

Гүлзат Батырканованы кесиптештери айрыкча жаркылдаган шайыр мүнөзүн, өтө адамкерчиликтүүлүгүн айтып эскеришет.

-Мээрим Карыпова,  кесиптеши: “Гүлзат эжедей болуп ырдайм дечү элем”

  Гүлзат эжени абдан сыйлачу элек. Шаңкылдаган шайыр мүнөзү, созолонгон үнү менен адамды өзүнө тартып турчу.   Бала кезде теледен эжени көрүп сахна чеберчилигине суктанып ырдасам  Гүлзат эжедей болуп ырдайм дечү элем. Кудайдын буйругу экен, ырдамак түгүл эже менен бирге филармонияда   иштеп да калдык.  Абдан өкүнүчтүү көп жашаса кандай соонун болмок. Бирок, Кудайдын буйругу экен, айла жок шум ажал кучагына эрте алып кетти.

-Гүлбү Орозкул кызы, кесиптеши: “Гүлзат эжеге көзү өтөөрдүн алдында эле жолугуп, жүгүнүп бата алдым эле”

Жаркыраган эжекебизди жерге ыраа көрбөйбүз. Бирок, жараткандын буйругу экен да…ыйлап ыйлап эле кала бердик. Ар дайым шайыр жүрчү. Кээде өткүр, тарсылдаган өзгөчө мүнөздөрү бар эле. Биз негизинен абдан сый болучубуз. Көргөн жерден дайыма жүгүнчүмүн. Эки кыз турганда сизге дайыма келинмин десем аябай ыраазы болуп алкап бата берип турат эле. Токтогулдук эжелерим Анапия, Дилбар, Лира эжелерим менен чогуу жүрүшчү. Ушул күнгө чеийн жүгүнүп турам.  Гүлзат эжеге көзү өтөөрдүн алдында эле жолугуп жүгүнүп бата алдым эле.

   -Талант Карагулов, “Сармерден” берүүсүнүн алып баруучусу: “Элибиз шайыр кызынын   жылмаюусун күтүп көрөөр эле”

  Бүтүндөй өнөр сүйгөн улуу кыргыз элибиздин көкүрөгөндө көөдөнүндө айлап, жылдап эңсеп күткөн теле долбоору “Сармерден” эмеспи. Ал эми “Сармердендин” ичиндеги дагы өзүнчө  нукка бурулган булактар, багыттар да бар.  Ошолордун бири алгачкысы балким ошол элебиз  шайыр кызынын   жылмаюусун күтүп көрөөр эле.

Мени менен бирге иштешип мына ушул “Сармерден” долбоорунда өзгөчө эл жерибизге жакшынакай шаң тартуулай турган мезгил болгондо ыр дүйнөсү ачылып көкүрөк көөдөнүнөн бир жакшы сөздөрү мөндүрдөй көнөктөп жаап өзүнүн ажарлуу жүзү  менен жаркылдап жайнап келгенде жеңилдиктер пайда болоор эле. Сармерден тартылаарда зал толо эл келсе деп күтчү. Көрүчүүлөрдүн көп келгендигин көрүп  абдан сүйүнчү. Жүрөгү эл деп сокчу. Ошон үчүн элдин кызы болчу деп ойлойм. Өзү жаркылдап шайыр жүргөн адам болгондуктан, берүүлөрүбүз айткан сөздөрүбүз, ырдаган ырларыбыз, ошол эле учурда кыз жигиттерге берген дем күчүбүз аларды  утушка намыскөйлүккө  жеңишке үгүттөп мына ушулардын баары жеңил желпи өтөөр эле. Гүлзат эженин элеси ар дайым жүрөгүбүдө сакталып калат деп эскерет Талан Карагулов.

    -Назми Байзакова, кесиптеши: “Адамкерчилик сапаты өтө жогору болчу”

  Гүлзат эженин бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткени өтө өкүнүчтүү. Анын дайыма жаркылдап күлүп эле жүргөнүн көрчүмүн. Өзгөчө   анын адамкерчилик сапаты өтө жогору болчу. Бир да жандын көңүлүн оорутуп, катуу айтчу эмес.  Гүлзат эженин   жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө  өчпөс болуп кала берет деп ойлойм.

     –Кенже Көбөкова,  кесиптеши : “Мени да эстейсиңер” деп көп айтчу”

  Гүлзат эже жөнүндө айта турган болсом. Ал абдан адамгерчиликтүү жан эле. Муну  элдин баары эле билет болуш керек. Мыкты адам болчу. Мени “сиңдимен да артык көрөм” деп жанына көп ээрчитип калды. Экөөбүз сырдаш болчубуз. Мен аныкына барып, ал меникине келип далай сырдашып таң атыраар элек. Гүлзат эжеде бирөөнү көралбастык деген сапат  жок болчу.   Тытынып, жулунчу эмес. Бир калыпта жүргөн жайдары адам эле.

 Адамгерчилиги өтө бийик көп кырдуу таланттын ээси болчу.  Өзү журналистика жагын аяктаган. “Эл шайырлар” тобунда төрт жыл чогу иштеп калдык.  Сүйлөө речи абдан соонун, адамды өзүнө тартып турчу.  Доско, тууганга болгон мамилеси абдан жогору, баш оту мене кирип мамиле жасачу. Гастролдоп калганда бизди такыр эриктирчү эмес.  Баарыбыз уктап калсак, бул киши уктабай сүйлөп ырдап, жакшы сөздөрүн айтып калчу. “Ушул күндөр табылбайт” деп көп айтчу.  Бул дүйнөдөн эрте кетээрин сезген окшойт.  Ушул күндөрдү, мени да эстейсиңер деп айтып калаар эле.

 Булак:Каганат

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

бир × 5 =