Бишкек-Воронеж-Бишкек аба каттамы ачылды

0

 

Каганат.

Бишкек-Воронеж-Бишкек аба каттамы ачылды. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу билдирди.

Бишкектен алгачкы каттамын аткарган учактагы жүргүнчүлөрдү таң эртеден аэропорттун ичине дасторкон жайып, казандарга эт кайнатып, күрүч басып Кыргызстандын Воронеж облусундагы консулу Талантбек Намазбеков, “Авиасервис” компаниясынын жетекчиси, “Мурас” коомдук уюмунун өкүлдөрү тосуп алышты.

Учак жерге конор замат жүргүнчүлөрдү кыргыздын улуттук кийимин кийген кымча бел кыздар ак нан менен тосуп алышты.

Ошондой эле аларга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн ырлар ырдалды.

Бул иш-чарага Жуков, Гагарин атындагы аскер-аба күчтөрү академиясында окуган курсанттар дагы катышты.

Воронеждеги аэропорттун ичине ак дасторкон жайылып, ал жактагы ар бир жаранда кыргыздын улуттук даамдарын татып көрүүгө мүмкүнчүлүк болду.  

Бишкек-Воронеж-Бишкек каттамы ар ишемби сайын аткарылып турмакчы.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

6 − 4 =