Райкан Төлөгөновдун соту кийинкиге жылдырылды

0

Каганат. 

Бүгүн, 7- июнда Биринчи май райондук соту Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурумду кийинкиге калтырылды. Айыпталуучу келбегендиктен сот отурум болбой калды.

Маалым болгондой, айыпталуучу оорусуна байланыштуу отурумга келе албай калган. Учурда Төлөгөнов №47- түзөтүү абагында кармалууда.

Эскерте кетсек, “Ата-Мекен” фракциясынын экс-депутаты Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын апрелиндеги мародерчулук фактысы боюнча камакка алынган. Ага карата Кылмыш жана жаза кодексинин 167-беренеси ” талап-тоноону уюштуруу” жана 241- беренеси ” ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү” боюнча иш козголгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

6 + үч =