Ысмайыл Кадыров: “Кыргыздын гиннес китебин жаңыртып чыгарам”

0

Каганат.

-Илимпоздордун пикири боюнча кыргыз тили — түрк тилдеринин эң байыркысы.

-Дүйнөдөгү эң узун поэма – кыргыз элинин “Манас” эпосу болуп эсептелет. Ал 1958-жылы жарыяланган, 500 миң саптан турат.

-Кыргызстандагы эң кызык жер Баткенде. Мындагы Кыштут деген жерде кышында бир ай, жайында бир ай күн тийбейт.

-Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну Рысалиева Чолпон 2 жолу кош бойлуу болгон кезинде самынга талгак болгон. Басса-турса самынды чукуп жей берип, жуунганда денесинен чыккан самынга эле жуунуп калган.

Урматтуу окурмандар, жогорудагыдай эң, эң кызыктуу маалыматтарды ким топтогону кызык болуп турабы? Ал акын, жазуучу, котормочу – Ысмайыл Кадыров.

Ысмайыл агай менен “Кыргыздын гиннес китеби” тууралуу маек куруп, андагы кызыктуу фактылар менен сиздер менен бөлүшүп турууну туура көрдүк.

–Кыргыздын гиннес китебин чыгаруу идеясы кайдан пайда болду?

–Дүйнөлүк рекорддор тууралуу гезиттерге чыккан макалаларды окуп жүрүп, эмнеге Кыргызстандын өзүнүн гиннес китеби болбош керек деп ойлонуп калдым. Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет катары өзүнүн тарыхы, өзгөчөлүктөрү бар да. Ошентип маалымат топтой баштадым.Кыргыз мамлекетинин тарыхына, илимине, маданиятына, экономикасына жана башка тармактарга өзгөчө салымы бар инсандардын жасаган иштерин келечек муун биле жүрсө деген тилек кылдым.

–Маалымат топтоого канча убакыт кетти?

–10-15 жылдай убакыт кетти. Мен аркасынан түшүп маалымат издеген жокмун. Колума тийип калгандарын топтоп койчумун. Эң жаш, эң кары, эң узун, эң кыска деп тармактарга бөлүп, аларды гезиттерге бере баштадым. Кыргыз Совет энциклопедиясында 1977-жылдан баштап 23 жылдан ашуун убакыт иштедим. Ал алгачкы энциклопедия болгон жана жалаң фактылар гана берилчү. 2000-жылы өкмөткө жумушка кирип, дал ошол убакта мага китеп кылып чыгар деп кеңеш бергендер болду.

–Китеп кайсы жылы жарык көрдү?

–Бул чакан китеп 2008-жылы 500 нуска менен басылып чыкты. Ошол эле жылы сатылып кетти. Бул китебиме биринчилерди дагы коштум. Мисалы, эң биринчи ким жүрөккө же боорго операция жасады деген сыяктуу өзгөчө фактылар да киргизилди, бул дагы бир өзүнчө рекорд да. 

-Китеп боюнча элдин пикири кандай болду? Мени да кошуп койчу деп сурангандар болгон чыгар?

-Менин дагы рекорд жараттым эле дегендер болду, бирок өтө аз. Мен мага сын-пикир көп айтылат го деп күткөм, бирок андай болгон жок, тескерисинче жакшы сөзүн айткандар көп болду.

–2008-жылдан бери рекорддор жаңыланса керек, дагы китеп чыгарайын деген оюңуз барбы?

-Албетте, дагы маалыматтарды топтоп койгом. Негизи окурмандарга ар бир 5 жыл сайын китепти жаңылап турам деп сөз бергем, бирок убакыттын жана каражаттын тартыштыгынан бул убадамды аткара албай келем. Эми буюрса быйыл же эмдиги жылы жаңы китеп чыгарсамбы деп турам.

–Каражат деп калдыңыз, сиз китеп чыгарып жатканда жардам бергендер болдубу?

-Мен жардам сурап деле эч жерге кайрылган жокмун. Өз каражатыма эле чыгардым бул китепти. Китебимди Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору чыгарып берди. Ошол учурда Дилдебек Андашев жетекчи болчу. Колдоо көрсөтүп жеңилдетилген баада чыгарып беришти.

–Жаңы чыга турган китебиңизден кандай кызыктарга күбө боло алабыз?

-Мекенчилдик сезимди ойготкон бир мисалды айта кетейин. Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Орозбек Түгөлбаев 20 жылдан бери Кыргызстандын желегин дарбазасынын үстүнө илип, аны жыл сайын 31-августта жаңыртып келет. Ушул сыяктуу бир топ кызыктуу маалыматтар топтолуп калды.

-Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем!

 Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 + он сегиз =