Төрөбаев: “Айыл Банк” бир адамга 50 млн сомдон ашык бере албайт. Бир адам 150 млн сом алып шайлоого иштетет экен

0

Каганат

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев өкмөттүн ишмердүүлүгүн сынга алды.

Төрөбаев: Менин сөзүм өкмөттүн  ишмердүүлүгү жөнүндө.  Бир адам үчүн өкмөт токтомду өзгөртөбүз деп жатышат. Муну кандай түшүнүүгө болот.   Токтомдун негизинде “Айыл Банк” бир адамга  50  млн  сомдон ашык бере албайт. Мага жеткен маалыматтар боюнча бир адам 150 млн сом алып шайлоого иштетет экен. Ошондуктан мен ойлойт элем, 150 млн сомду  бир адамга бербей эле 1000 адамга берсе жакшынакай иш аткарат эле да” деди.  

Ошондой эле  “Мен интернеттен видео көрүп  калдым Ош- Жалал-Абад калыбына келтирүү дирекциянын ишмердүүлүгү жөнүндө Ал жерде курулган үйлөр боюнча көрсөттү. Сапаты өтө начар.  Мен айткым келет өкмөт тез арада комиссия жөнөтүп ошол үйлөрдү кайрадан карап чыгыш керек. Жакшы билесиздер жер титирөө болуп  жатат,  ал жерде коркунуч пайда болуп калышы мүмкүн. Ошонун баардыгын текшерип чыгып, иш чараларды өткөрүш керек. Ал жерде миңге жакын адам жашап жатканы бизге белгилүү” -деди Төрөбаев.

Мунун менен икатар эл өкүлү  жол министрлиги уктап жаткандыгын айтып,  Ош-Бишкек жолунун абалына токтолду.

   Бишкек-Ош жолу боюнча Төө- Ашуунун аркы өйүзүндө Суусамыр  жайлоосунда жолду карасак ал жерге жүрүү мүмкүн эмес. Бишкек-Ош жолунда 30 миң адам жүрөт. Бул отуз миң адам  кимдин жараны. Күнүнө  алар кыйналып, нааразычылык сөзүн айтып жатат. Бул биздин жарандарыбыз да,алар кытайдын, орустун  жараны эмес. Жол министрлиги эмне уктап жатабы? Жайында бүгүндөн баштап ишти баштасын. Жайы менен иштеп  киййинки жылкыга жолдор жакшынакай болуш керек. Бишкек-Ош жолунда отуз миң адам жүрөт. Бишкек –Каракол,  Бишкек-Торугартта жолунда андай адам жүрбөйт. Ошондуктан эң негизги биздин жолубуз бул Бишкек-Ош жолу деди депутат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 + 3 =