Ишкерлерди негизсиз куугунтукка алган тергөөчүнүн, прокурордун жоопкерчилиги күчөтүлөт

0

Каганат.

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодекске) каралды.

Демилгечи депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам долбоорунун максаты ишкердик ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишкерлерди негизсиз жазык куугунтугуна тартуу үчүн тергөөчүнүн, прокурордун жоопкерчиликтерин күчөтүү болуп саналат. КР мыйзамдарында конкреттүү ишкерге карата эмес, кылмыш жасоо фактысы боюнча жазык ишин козгоо үчүн каралган жетиштүү негиздер жок болгондо жазык ишин козгоо учурлары көп. Мындай иштерди тергөө бир нече айга чейин создугушу мүмкүн жана андан кийин токтотулуп калат. Бул мезгилдин ичинде ишкерлер көптөгөн чыгашаларга дуушар болушат, бизнес-процесстер бузулуп, материалдык зыян келтирилет жана иштиктүү репутацияга кедергиси тиет.

Мыйзам долбоор менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 321-1-статьясын (Кылмыш-жаза ишин мыйзамсыз козгоо) 4 жана 5-бөлүктөр менен толуктоо сунушталып жатат, ал төмөнкүдөй:

Ишкердик ишке тоскоолдук кылуу же болбосо, керт башын ойлоо же башка жеке кызыкчылыгын көздөө максатында жасалган жана ал жосун:

– олуттуу зыян тартууга алып келсе, эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо;

– ири зыян тартууга алып келгенде, беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо сыяктуу кылмыш ишин козгоо үчүн кылмыш иштин тергөөчүсү, прокурору кылмыш ишин козгоо үчүн белгилер, ошондой эле КР мыйзамдарында каралган жетиштүү негиздер жана себептер жок болгондо биле туруп мыйзамсыз иш козголушу.

Талкууда депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоорунун максаты жакшы экенин, бирок кылмыш курамын аныктоо кыйынга турарын, андан улам мыйзам ишке ашпай калбайбы деген кооптонуусун белгиледи. Мыйзамдын ишке ашуусу үчүн аны жөнөкөйлөтүү жагын караштыруу сунушу депутат Төрөбай Зулпукаров тарабынан айтылды. Мыйзам долбоорун колдоого алган депутат Алмамбет Шыкмаматов негизсиз иш козгогон тергөөчү же прокурорлорго кошумча жазаларды (кийин алар адвокат да боло албайт деген сындуу) кийирүүнү сунуш кылды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

19 + 5 =