Өмүрбек Текебаев кызына арнап ыр жазды

Каганат.

Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин темир тор артындагы кызы менен жолугушуусу көпчүлүктүн жүрөгүн оорутуп, коомчулукта кызуу пикирлер жаралган. Камактагы Өмүрбек Текебаев кызына арнап төмөнкүдөй ыр   жазды.

Кызым, жаным, садагам,

Мен куруюн, таш боор тура сага атаӊ.

Кызым мени сагынды деп,

Учуп-жетип барбаган.

Билесиӊ го мен силерден,

Жарым мүнөт бөлүнгөндү каалабайм,

Бирок жок да башка аргам,

Кызым, жаным, садагам!

Ыйлабагын, карап турат бардыгы,

Жылмайып кой, жылмайып кой, жарыгым.

Адамдар бар атаӊ сынып,

Күтүп турган кетсе дешип кадыры.

Эч нерсе эмес, мен эмесмин ийилчү,

Кыз-уулдарым менин жаркын үмүтүм,

Бизде дагы майрам болоор бир күнү.

Сени жыттайм, кандай бакыт тирүүлүк,

Атасына боорукерим, күйүмдүүм!

Менде жакшы, жашайм жакшы үмүттө,

Бир күн чыгам, жарык жолдон күткүлө.

Ала-Тоодой касиети күркүрөп,

Коркпо, кызым, атаӊарды эл сүрөйт.

Кайда болсо кыргызмын деп,

Силер дагы Мекениӊди сүйгүлө.

Өмүрбектин кыз-уулу деп эл айтат,

Башыӊарды бийик кармап жүргүлө.

Кел, шириним, ананайын,

Жыттап, сүйүп да алайын жүзүӊөн,

Жарты жашыӊ агызбасмын тирүүмдө.

Булак:Каганат

 

Бөлүшүү:

1 комментарий

Пикир

эки × 3 =