Сот Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгарган жок

0

Каганат.

Биринчи Май райондук сотунда мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиришти. Сот Айбек Эрнис уулу бул өтүнүчтү канааттандырган жок. Чотонов камакта калтырылды.

Сот Чотоновду үй камагына чыгарууга жетиштүү негиздер жок экенин белгиледи.

Ал эми жактоочулар бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдиришти.

Дүйшөнкул Чотонов “коррупция” беренеси боюнча айыпталууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 10 =