Айрым пансионаттар электр энергиясына болгон былтыркы карыздарынан кутула элек

0

Каганат.

Көчө боюнча дагы таштандылар, ажатканалардын жана жуунуп-тазалануучу жайлардын жоктугу, эс алуу аймактарындагы инфратүзүмдүн начар абалы Кыргызстанга келген туристтерди чочутууда. Ошондой эле, эс алуучулардын коопсуздугу жаатында да кооптонуулар жок эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында өлкөнүн туризм тармагындагы абал жана жайкы туристтик мезгилге даярдык боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда белгилүү болду.

Өткөн жылдагы айрым жагымсыз окуялар да туризмдин өнүгүшүнө терс таасирин тизгенин айткан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү экология жаатында да көйгөйлөр көп экенин жашырган жок.

«Мурдатан эскертүү берилгенине карабастан, айрым пансионаттар ушул кезге чейин саркынды сууларды тазалоочу жайларын кура элек. Кээ бир эс алуу жайлары электр энергиясы боюнча былтыркы карыздарынан кутулбаптыр», – дейт ал.

Андан сырткары, айрым Европа өлкөлөрүнүн Кыргызстан тууралуу түшүнүгү аз, алар менен түз авиакаттамдар жок экени, ошондон улам министрлик Дели менен аптасына 7 жолку авиакаттамды ачуу аракетин жасап жатканы белгилүү болду.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

1 + он алты =