“Алмаз” радиосуна 25 жыл. Угармандар эмне дейт?

Каганат.

Жакында “Алмаз” радиосунун түптөлгөнүнө 25 жыл толот. Ушул жылдар аралыгында көптөгөн угармандарынын жүрөгүнөн түнөк таап, элдин көңүлүн көтөрүү менен бирге көйгөйлүү маселелерди коомчулукка жеткирип келген “Алмаз” радиосу тууралуу билбегендер аз болсо керек.

Радио кызматкерлеринин кубулжуган үнү калкты кайдыгер калтырбаганын угармандардын пикиринен улам билсе болот. Анда эмесе “Алмаздын” угармандары сүйүктүү обосу тууралуу кандай пикирде көз чаптырып көрөлү.

“Алмаз” радиосун 5 жылдан бери угуп жүргөнүн айтат  Мунара Өзүбекова:

“Мен радиону 5 жылдан бери сүйүп угам. Көңул сергитип, жанды эргиткен сонун ырлар коюлат. Мага көбүнчө түрк ырлары жаккандыктан дал ушул радиону тыңдап келем. Ошондой эле музыкасы тажатма эмес жана улам-улам кайталап бере беришпейт. «Жакыныма жакшы сөз» сыяктуу программасы жакын адамдарыңа көңүл бурууга, аларды кубанычка бөлөөгө көпүрө болсо, коомдогу көйгөйлүү маселелерди чагылдырган «Учкул ой» программасы элди кайдыгер калтырбайт деген пикирдемин.  

Айнура Багышбекова: «Алмаз» радиосун тажабай угам.

“Мага «Алмаз» радиосунда эмгектенген ди-джей кыздар аябай жагат. Үндөрү булбулдукундай болуп кубулжуп, өтө жагымдуу. Мурун Айпери, Гүлзат өндүү ди-джейлерди сүйүп уксам, учурда Нурай, Элизат, Розаларга бийик баа берем. Радионун жалпы жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Угарманыңар көбөйүп, алдыңкы радиолордун сап башында тургула”.  

 

Асель Бахматова : “Алмаз” радиосунан жалаң хиттерди угам”

“Бул радиону укканда маанайың көтөрүлө түшөт. “Алмазда” позитив биринчи орунда турат десем да болот. Себеби экономика саясаттан тышкары маанайшат обо дээр элем. Анан дагы чыныгы таланттарды жана коомго салымын кошкон адамдарды конокко чакырып кызыктуу маек курушат. Мен мындай маектердин бирин да калтырбай укканга аракет кылам. Радио жамаатын майрамы менен куттуктайм! Өркүнүңөр өсүп, зоболоңор бийиктей берсин!

 

 Гүлзат Орунтаева: “Алмаз” мага позитив тартуулап келет”

“Бул радио башкалардан жалаң хит ырларды көп бергени менен айырмаланат. Ошондуктан музыкасы тажатма эмес. Обого чыккан оюндар да абдан кызыктуу. Аларга катышып, дайыма ар-кандай белектерди утуп алам. Радио кызматкерлерин мааракеси менен куттуктайм. Булбулдай үнүңөр өчпөсүн”.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 + жети =