“Кыргыздын гиннес китеби”:  “Кыргызстандын чек арасынын жалпы узундугу 4508 км”

Каганат.

Жакында эле “Кыргыздын гиннес китебин” жазган акын, жазуучу, котормочу Ысмайыл Кадыров менен маек куруп, анын аталган китебин сайтыбызга жарыялап туруу уруксатын алганбыз. Бүгүндөн баштап Кыргызстандагы рекорддор же эң, эң…, алгачкы, биринчи, тунгуч, карлыгач, баштоочтор тууралуу маалымат ала аласыздар.

Кыргыз Республикасы жөнүндө кыскача маалымат

 

  • Кыргыз Республикасы (КР) Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Чек арасынын жалпы узундугу 4508 км. Эң узуну Өзбекстан менен болгон чек ара (1374 км).

Республиканын батыштан чыгышка чейинки эң узун аралыгы 925 км, түндүктөн түштүккө чейин 453,9 км. Жалпы аянты 199,9 миң км2, анын 93 %и тоо, аймагынын 94,2 %и деңиз деңгээлинен 1000 м, 40,8 %и 3000 метрден ашык бийиктикте.

 Калкынын жалпы саны 5 млн. (2002, 27-август). Административдик аймагы 7 облустан турат: Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын. Борбору — Бишкек шаары.

КРдеги эң ысык температура +44 °С — Чүй, эң суук температура ­54 °С Аксай метеостанциясында катталган. Кыргызстан жер шарынын кургак жеринин 0,13%ын ээлейт, мында дүйнөлүк фаунанын 3%ке жакыны бар.

 

  • Кыргыз Республикасы өзүнүн тарыхында алгачкы жолу 1991-­жылдын 31­августунда көз каранды эмес эгемендүү мамлекет болуп жарыяланган.

 

  • Кыргыз Республикасынын 1-Конституциясы 1993­-жылдын 5-­майында Кыргыз Республикасынын 12­-шайланган Жогорку Кеңешинин 12­сессиясында кабыл алынган.

 

  • Кыргыз Республикасынын Гимни — 1992­-ж. 3­-декабрда кабыл алынып, 18­декабрда КР Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген. Сөзүнүн авторлору — Жалил Садыков, Шабданбек Кулуев. Музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановдуку.

 

  • Кыргыз Республикасынын Желеги 1992­-жылдын 3­-мартында кабыл алынып, Өкмөт үйүнүн төбөсүнө 5­мартта салтанаттуу көтөрүлгөн. Желектин авторлору: Айдарбеков Эмил, Жайчыбеков Бекбосун, Иптаров Сабыр, Матаев Жусуп, Сыдыков Маматбек.

 

  • Кыргыз Республикасынын Герби 1994-­ж. 14­-январда кабыл алынган. Авторлору — Асейин Абдраев, Садырбек Дубанаев.

 

  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили — кыргыз тили. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил статусун берүү жөнүндө мыйзам 1989-­ж. 23­сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин 11-­шайланган кезексиз онунчу сессиясында кабыл алынган.

 

  • Кыргыз улуттук валютасы — сом 1993-­ж. 10­майдан баштап республиканын аймагында жүгүртүүгө киргизилген. Сомго ошол учурдагы Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаевдин колу коюлган. 2000­жылдын 28­августунан баштап Кыргызстанда 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган.

Облустар боюнча маалыматтар

Кыргызстанда жашаган кыргыз элинин жалпы саны 1924-ж. 750165, 1959-ж. 837 миң, 1989-ж. 2 млн. 530 миң 998, 1999-ж. 1-январга карата 3 млн. 128 миң 144 адам болгон.

Автор: Ысмайыл Кадыров

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз − сегиз =