Кыргызстанга Эйфель мунарасы сыяктуу өзгөчөлүк керекпи?

0

Каганат.

Маданият министрлиги Кыргызстан үчүн Париждеги Эйфель мунарасы сыяктуу өзгөчө нерсени ойлоп табуусу керек. Мындай сунушту депутат Айнуру Алтыбаева киргизди.

Айтымында, миллиондогон туристтер Францияга дал ушул мунараны көрүүгө барышат.

“Бул маселеде креативдүүлүк жетишпей жатат. Кыргызстанга дагы туристтер бир нерсе үчүн келгидей кылып өзгөчөлүк ойлоп тапкыла. Жаратылыш берген байлыктан башка дагы кызыктыруучу өзгөчөлүк болушу керек”,-деди Алтыбаева.

Ошондой эле ал кыргыз аткаминерлерине Кытайдан үлгү алуу керектигин айтты.

“Ал жакта мамлекеттик кызматкерлер жылына бир долу милдеттүү түрдө туристтик жайларга барышат”,-деди ал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 − бир =