Нарындагы студенттерди чөгөлөткөн окуя боюнча кылмыш иши козголду

 Каганат.

Коомдук тартипти бузган Нарын шаарындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документтер чогултулууда.

“Коомдо чоң талкуу жараткан коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери башталды. Мындан сырткары кызматкерлердин иш-аракеттери боюнча кызматтык териштирүү башталды”,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-июнда Нарын шаарындагы жергиликтүү жаштар Борбордук Азия университетинин студенттерине чара көрүп берүү талабы менен акцияга чыгышкан.

Алар 27-майда волейбол боюнча өткөрүлгөн мелдеште чет жактан келген студенттер жергиликтүү жаштарды сабаганын айтып, аларга карата эч кандай чара көрүлбөй жатканына нааразы болушкан.

Мугалимдер жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен болгон жолугушуу учурунда жергиликтүү жаштар чет элдик студенттердин кечирим суроосун талап кылышкан.

Андан соң чет элдик студенттер тизелеп жергиликтүү жаштардан кечирим сурашкан.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 7 =