Бишкекте вирустук оорулар күч алууда

Каганат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте вирустук оорулар күч алууда.

Маалым болгондой, алардын катарында вирустук стоматит дарты көбүрөөк кездешүүдө.  

Ооруга кабылган балдардын дене табы көтөрүлүп, 2-3 күндөн кийин ооз көңдөйүндө, манжаларында жана таманында майда жарачалар пайда болот. Коксаки, же болбосо вирустук стоматит деп аталган оору өтө жугуштуу деп эсептелгендиктен, жабык коомдук жайларга балдарды алып баруудан баш тартуу сунушталат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 + эки =