“Кыргыз улуттук кийимдери күнүн” белгилөө сунушталууда

0

Каганат.

“Кыргыз улуттук кийимдери күнүн” белгилөө сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун депутат Айнуру Алтыбаева демилгелеп чыккан.

Ага ылайык, 5-март  жыл сайын “Ак калпак жана кыргыз улуттук кийимдери күнү” катары белгиленмекчи. Токтом долбоору учурда коомдук талкууга коюлган.

“Аталган токтомдун негизги максаты улуттук баш кийим болгон Ак калпакты даңазалоо жана жайылтуу болуп саналган.

Бирок, аялдардын баш кийимине жана жалпысынан кыргыздардын улуттук кийимине толук көңүл бурулбай келгендигин белгилөө зарыл.

Ушул токтом долбоору ата мекендик жеңил өнөр жайынын жана туризмдин Кыргызстанда өнүгүүсүнө жагымдуу таасир тийгизе тургандыгын да белгилөө зарыл. Ата мекендик модельерлерге кыргыздардын улуттук кийимдеринин кайталангыс жана саркеч стилин иштеп чыгууга өбөлгө түзүп, мүмкүнчүлүк ачат.

Жыл сайын 5-мартты заманбап стилдеги кыргыздардын оймо-чиймелери түшүрүлгөн, накта булгаарыны, аңчылык терилерди жана кийизди пайдалануу менен “Ак калпак жана кыргыздардын улуттук кийими” майрамын белгилөө чет өлкөлүк туристтерге кыргыз элинин улуулугун даңазалоодо ата мекендик өндүрүшчүлөргө мүмкүнчүлүк берет”,-деп жазылат токтомдо.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × беш =