ЦУМдагы өтмөк ушул жумада жабылат

Каганат.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, ушул жумада ЦУМдун жанындагы жер алдындагы өтмөк жабылат.

 Маалым болгондой, филармониянын маңдайындагы өтмөктүн аркасынан калыбына келтирүү иштери Чүй-Абдрахманов көчөлөр кесилишинде башталат.

Бул өтмөктүн сатуучулары дагы орундарын убактылуу бошотуп бериши керек.

Жөө жүрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн Кайгуул милициясы алардын кыймыл схемасын иштеп чыгууда.

Эске салсак, филармониянын маңдайындагы жер алдындагы өтмөк сентябрь айына  чейин жаңыланат.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он + 6 =